Жаңылыктар
Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды
Кырсык
Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 8 чарчы метр шыбы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Мраморное айылында турак үйдүн от жагуучу бөлмөсүндө 2 чарчы метр мордун тегереги күйгөн. Өрт жылытуучу морлордун жана мештердин туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.