Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Президент Клаус Йоханнисти Румыниянын Улуттук биригүү күнү менен куттуктады.
«Кыргызстан менен Румыниянын ортосундагы салттуу достук мамилелер мындан ары да эки өлкөнүн өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө салым кошот деп ишенем.
Сизге чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги Румыния элине бакубаттык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.