Жаңылыктар
Улуттук госпиталдын карамагына 2 стерилизациялык жабдуулар берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук госпиталдын карамагына 2 стерилизациялык жабдуулар берилди

Дүйнөлүк банктын «COVID-19га тез чара көрүү” долбоорунун алкагында ар биринин көлөмү 600 литр болгон эки стерилизациялык жабдуу (автоклав) сатылып алынды.

Жабдуулар КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга өткөрүлүп берилди.

Автоклавдар медициналык багыттагы буюмдарды, инструменттерди, стерилизациялоого арналган.

Автоклавтар стерилдөө циклинин параметрлерин программалоого, процессти реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жана аткарылган стерилдөө циклдери боюнча маалыматтарды сактоого мүмкүндүк берүүчү дисплей менен жабдылган.

КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кызматкерлери бул автоклавдар менен иштөөнү үйрөнүштү.