Жаңылыктар
Конституция боюнча парламенттик угуу
Саясат
Конституция боюнча парламенттик угуу

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум дайындоого багытталган парламенттик угуу өткөрүлдү. 

Мыйзам долбоору буга чейин көпчүлүк депутаттардын добушу менен биринчи окууда кабыл алынган. Документ алдыда экинчи жана үчүнчү окууда каралат, ага чейин мыйзам долбоору адистердин жана коомчулуктун дыкат талкуусунан өтүшү керек. 

Конституцияга өзгөртүү киргизүү жана референдумдун датасын дайындоо боюнча парламенттик угуу Жогорку Кеңештин регламентинин талабы. Фракция, тармактык комитеттердин талкуусунан өткөндөн кийин, маселе сөзсүз түрдө коомдук жана парламенттик угууларга чыгарылышы керек.

Бүгүнкү талкууга бардык тараптар чакырылган. Эл өкүлдөрү, конституция боюнча серепчилер, саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү. Сөз сүйлөп, талкууга түшүүгө демилгечилер менен бирге эле өзгөртүүлөргө каршы чыгып жаткан тараптарда да бардык мүмкүнчүлүктөр бар. 32 киши сөзгө жазылды. 

Өмүрбек Текебаев бүгүнкү сөзүндө кайрадан президенттин дарегине сын айтып, коомдук биринчи каналдын ишмердигине да нааразычылыгын билдире кетти. Ал Конституцияны өзгөртүүдө кандай максат жатканын мындайча түшүндүрдү.

Парламенттик угуунун жыйынтыгы менен Жогорку Кенеш эч кандай чечим кабыл албайт. Бирок андагы айтылган сунуш-пикирлер, мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кароодо эске алынат. Аны менен катар коомдук талкуулардын максаты- бул маанилүү маселе боюнча бардык тараптардын пикирине орун берүү болуп эсептелет.