Жаңылыктар
Москвада КР жарандарынын массалык түрдө менингитке чалдыкканы ырасталган жок – элчилик
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада КР жарандарынын массалык түрдө менингитке чалдыкканы ырасталган жок – элчилик

Москвадагы OZON компаниясынын кампасында иштеген Кыргызстандын жарандарынын массалык түрдө менингит оорусуна чалдыкканы ырасталган жок.

Роспотребнадзор жана Москва облусунун медициналык мекемелеринен алынган акыркы маалыматка ылайык, КРнын 8 жаранында менингит оорусу болушу мүмкүн деген шектенүү тастыкталган жок. Бейтаптарда курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери байкалган.

Мындан мурда Моквада жогорудагы компаниядагы иштеген 8 кыргызстандык менингит оорусуна чалдыгып, ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат тараган