Жаңылыктар
Жарандык авиацияга 83 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Жарандык авиацияга 83 жыл

Кыргызстанда жарандык авиациянын 83 жылдыгы белгиленди.

Эске алсак, 1933-жылдын 7-октябрында жарандык авиациянын күнү түзүлгөн болсо, 1994-жылдан бери бул күн майрам катары белгиленип келет. 

Майрамга карата учкучтарды куттуктоо үчүн келгендердин саны ого эле көп болду. Биринчилерден болуп, жаңы аба жолдорун өздөштүрүп, өлкөнүн абадагы чектерин коргоону камсыздаган ардагерлер чыгып сүйлөшсө, өкмөттүк жана президентик аппараттан келишип, өлкө жетекчилеринин куттуктоолору окулду.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 19 авиакомпания бар болсо, учурда анын 13ү гана иш алып барат. Бирок Кыргызстандын баардык авиакомпаниялары 2006-жылы“кара тизмеге” киргизилген. Эл аралык жарандык авиация жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнөн турган эксперттер тобу ошол мезгилде Кыргызстанда мыйзамдык база эл аралык жарандык авиациянын талаптарына туура келбегендигин айтып чыгышкан.

Авиация эл аралык туризм жана сооданын өнүгүшүнө ири салым кошо турган транспорт түрлөрүнүн бири. Географиялык жактан алганда Кыргызстан абада жүк ташуу боюнча ири потенциалга ээ. Акыркы жылдары жарандык авиациянын ишин жакшыртуу үчүн бир топ иштер жасалып кара тизмеден чыгуу аракеттери көрүлүп келет. 

Айта кетсек, Учурда Кыргызстандагы авиакомпаниялардын 5өө бар, жүргүнчү ташыса, калганы жүк ташуу жана атайын иштер менен алектенет.