Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров "Куран" окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсү менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров "Куран" окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсү менен жолукту

Президент Садыр Жапаров "Куран" окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров менен жолукту. Аны куттуктаган Мамлекет башчысы, бул ийгилик Кыргызстан элинин жалпы жетишкендиги жана сыймыгы экендигин белгиледи. Садыр Жапаров мындай жетишкендик, өлкөдөгү дин тутуу эркиндигинин көрсөткүчү жана мамлекеттин диний маселелерде туура саясат жүргүзүп жаткандыгынын натыйжасы экенин кошумчалады.

Мамлекет башчысы Мухамадали Умаров жаштар үчүн үлгү болооруна ишенээрин билдирди. Куран окуу боюнча жеңүүчү жана анын устаты Марат Эркулов, Сауд Арабиясында өткөрүлгөн сынакка дүйнөнүн 111 өлкөсүнөн 153 адам катышканын айтты. Бул сынакка үч ай даярданып, ыйык Куран китебинин 600 барагын жаттап, Сауд Арабия, Бахрейн жана башка бир катар мусулман өлкөлөрдүн катышуучуларынын арасынан эң мыкты деп табылган. Жолугушуунун соңунда Президент Мухамадали Умаровго эң байыркы 400 жылдык тарыхы бар "Курандын" көчүрмөсүн тапшырды.