Жаңылыктар
Бийликке коюлган талап
Кыргызстан жаңылыктары
Бийликке коюлган талап

Апрель Элдик революциясынын катышуучулары жана шейит кеткендердин жакындарынан турган жүздөн ашык адам алты талап коюп тынчтык митингине чыкты. 

Чогулгандар талап -тоноочулук боюнча кылмыш ишин аягына чыгарып, Бакиевдин үй-бүлөсүн экстрадициялоо жана сепаратист Кадыржан Батыровду өлкөдөн качыргандар жоопкерчиликке тартылышын талап кылууда. 

Өлкөдө болуп жаткан саясий абалга кайдыгер карагысы келбеген “Айкөл Ала-Тоо” жана “Мекен шейиттери” коомдук бирикмелери алты талап менен тынчтык митингин уюштурду. Адегенде чогулгандар шейит кеткендерге багыштап куран окушту.

Коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн коюп жаткан талаптары олуттуу. Алар коррупцияга баткан, канкор Бакиевдин үй-бүлөсүн экстрадициялоо. Акмат Бакиевди, сепаратист Кадыржан Батыровдун өлкөдөн качырууга көмөк бергендерди жазага тартуу.

“Айкөл Ала-Тоо” жана “Мекен шейиттери” коомдук бирикмелери бул талаптарды аткарылбаса, тынчтык митингдери улана турганын жана бул маселелердин чечилишине коомдук көзөмөл салынаарын билдиришти.