Жаңылыктар
БУУнун жаңы катчысы шайланды
Кыргызстан жаңылыктары
БУУнун жаңы катчысы шайланды

Бириккен Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши БУУнун эки мөөнөттөн берки баш катчысы Пан Ги Мунду алмаштыра турган жаңы баш катчыны шайлады. Жаңы шайланган Антониу Гуттерреш Пан Ги Мундун мөөнөтү аяктагандан кийин кызматына киришет.

Португалиянын мурдагы премьер-министри Антониу Гуттерреш БУУнун Баш катчысы болмой болду. Мындай чечим Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде болгон шайлоодон кийин кабыл алынды. Ал түштүк кореялык Пан Ги Мундун ордун басат. Ал жогорку кызматта 5 жылдык эки мөөнөт БУУнун Баш катчысы болуп турду. 

Гутерреш БУУнун Коопсуздук кеңешине ыраазычылык билдирип, учурда дүйнө коомчулугу кез келип турган чакырыктарга каршы тураарын убадалады.

Пан Ги Мундун мөөнөтү 31-декабарда аяктайт. Андан кийин Антониу Гетерреш кызматка киришет.