Жаңылыктар
Шаардык тез жардам ооруканасынын аймагында эки жаңы корпус пайда болот
Ден соолук
Шаардык тез жардам ооруканасынын аймагында эки жаңы корпус пайда болот

№4 Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын аймагында үч кабаттуу эки жаңы корпус пайда болот. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, долбоордун баасы 9 млн АКШ долларын түзөт. Имараттардын курулушу Катардын кайрымдуулук уюму тарабынан каржыланат.

“Жаңы корпустарда 5 бөлүм жайгаштырылат. Учурда корпустардын эскиздик долбоорлору иштелип, долбоордук-сметалык баасы такталууда”, - деди ал.