Кылымга тете тарыхы бар, 90 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын өнүгүүсүнө барандуу салым кошкон, айтылуу чыгаан журналист, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сутенова Байма Жапаровна менен маек.
- Ушул куттуу жерге алгач сизди алып келген жылдарды эске салсак...
- Мен 1977-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетинин 3-курсунда окуп жүргөндө ошол кездеги “Ленинчи жаш” гезитине иштеп баштагам. Ал кезде 3-курстан баштап иштөө факультеттин студенттери үчүн кадыр эсе эле көрүнүш болчу. Ошол жерде катардагы жөнөкөй кызматкер катары журналисттик алгачкы эмгек жолумду баштап, акырындап тажырыйба топтоп олтуруп, 1979-жылы 5-курсту бүтүп жатканда жооптуу катчынын орун басары болууга жетиштим. Так ошол жылдары Түгөлбай Токтогулович Казаков “сен радиого келип көрсөңчү. Гезит жакшы, бирок бул жакты да ала жүрүш керек.”- деген сунушун айтып калды. Журналистиканын бардык тармагын көрүүгө ынтызар кезибиз болгондуктан, дароо эле бул жакка келип, алгач бир жылдай штаттан сырткары кабарчы болуп иштедим. Жумуштун оорчулугу деле байкалган жок, себеби мен гезиттен жазганды үйрөнүп келдим да. Гезиттин тажырыйбасы бардык тарабынан бир топ жакшы экен. Тапшырма бергенде эле, сценарийди жазып, андан ары камчы салдырбай алып кеттим. Ал учурда азыркыдай теле менен радио бир болчу, күндүзү телеге иштеп, кечкисин радиого иштечүбүз. Биз текст жазабыз, аны дикторлор эфирге окуйт. Өзүбүз окуганга мүмкүнчүлүк жок болчу. Бирок ичибизден “өзүбүз эле окуйт элек, бул материалды биз жаздык да, бизчелик ким түшүнөт дейсиң”- деп кыйынсынып койчубуз. Көрсө диктордук чеберчилик деген башка нерсе экен, жазган текстти сен жазгандан да мыкты кылып көркүнө чыгара окуган мыкты дикторлорубуз бар эле.
Ошентип иштеп жүрүп бир жылдан кийин эле “Жаштар” редакциясына бөлүм башчы болуп калдым. Кийинчерек 85-жылы кайра куруу мезгилинде мамлекеттин бардык структурасында реформа башталды, кайра куруунун шарапаты менен журналисттер түз микрофонго жеттик. Микрофонго жетүү үчүн алгач үнүң туура келиш керек болчу, бирок, биринчи жылы менин үнүм коммисиядан өткөн жок. Өзүм деле өтө чарпылып даярданган жокмун, анткени бүгүн болбосо эртең бул жерден кетем деген ойдо жүргөм. Чынында телерадиодо көпкө калам деп ойлогон эмесмин. Бир аз бул тармакты көрөйүн, анан башка жакка которулам дечүмүн. Ал кезде журналисттик карьеранын жеткен чеги “Советтик Кыргызстан” гезити, “Кыргызстан маданият жумалыгы”, анан “Ала-Тоо” журналы болчу. Оюмда ушулардын бирине кетем дээр элем. Бирок, күндө иштесең, күндө ошол жерде жүрсөң өзүң эле текст окууга даяр болуп калат экенсиң. Ошентип микрофонго колубуз жетип, даярдаган материалдарыбызды өзүбүз эфирге алып чыга баштадык.
Мурда телеге жумасына жарым сааттык бир көрсөтүү берип жүрсөк, кайра куруу бизди күндө эфирге чыгарганга алып келди. Себеби оперативдүү материалдар болор эле, жаш болгондуктан заман талабынын тилин таап, бат өздөштүрүп кеттик окшойт. Негизи замандын кайсыл учуру болбосун, жакшы өзгөрүүлөрдү, жаңы нерселерди жаштар бат кабыл алып, бат ишке ашырышат. Андан ары 1991-жылы эгемендүүлүк келген учурда, биз толугу менен даярдалып калган демократ да болуп, реформатор да болуп, саясий иштерге да аралашып, айтор калыптанып калдык. Андан кийин башкы редактор, Кыргыз телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директорунун орун басары болдум. Бирок, ал учурда биз эңсеген “Советтик Кыргызстан”, “Кыргызстан маданият жумалыгы” жок эле, “Ала-Тоо” журналы жоюлуп кеткен. Ошондон уламбы же ушул жерге керектүүмүн дедимби, айтор ошол бойдон калып калдым.
- Демек, кыргыз телерадиосу сизди биротоло арбап алган экен. Бул өңүттөн алып караганда “УТРКнын тузу оор”-деген сөз чын окшойт?
- Ооба, мен алгач келгенде “Ой, мен бир азга эле келдим, кайра кетем”-десем, Түгөлбай Токтогулович айтты: “ай, бул жерден эч ким кеткен эмес, бул жер саз сыяктуу, бир бутуңду көтөрсөң, бир бутуң чөгө берет, бул жердин тузу күчтүү.”- деп. Ошондо да болбойм, бааланып, кетем эле, кетем деп. Ошентип кетем деп жүрүп 40 жыл өттү.
- Кыргыз телерадиосуна байланган өмүрүңүзгө, ушул жерде өткөрүп келе жаткан убактыңызга ыраазысызбы?
- Эгер сен тандаган кесип, өзүң жакшы көргөн кесип болсо анын эч кандай оорчулугу жок. Жумушка майрамдагыдай келип, кайра майрамдагыдай кетесиң. Жумушту сагынып турасың, жумуштагыларды жакшы көрөсүң. Менде ошол сезим күчтүү болду окшойт, ошол үчүн бул жумуштун оордугун сезген жокмун. Анан мен бул жерден эч нерсе уттурган жокмун. Тескерисинче көп нерсени алдым. Азыр да алып жатам.
- 90 жылдык мааракебизди тойлогону турабыз, кылым чапчыган кыргыз телерадиосунун коомдогу ордун кандай, өз миссиясын кандай аткарып келди жана кандай аткарып жатат?
- Улуттук канал бекеринен стратегиялык объект деп айтылбайт. Бул жер мамлекеттин стратегиясын ишке ашыра турган, мамлекеттин саясаттын ишке ашыра турган аябай чоң корпорация. Биз ушуну массалык маалымат каражаты, медиа, тигил бул дебей эле, сөздүн туурасын айтыш керек. Улуттук канал – мамлекеттин колундагы чоң курал, инструмент. Биз аркылуу мамлекеттин бардык саясаты, идеологиясы элге жетип турушу керек. Кыргыз телерадиосунун коомдо ээлеген орду өтө чоң болгон, азыр да ошондой. 1931-жылдары алгачкы Кыргыз радиосу обого чыккандан баштап, 58-жылы кыргыз телевидениеси иштей баштаган жылдардан тартып, бүтүндөй кыргыз интеллигенциянын очогу болуп, бүтүндөй интеллигенцияны тарбиялап чыгарды. Бир эле эмес, бир нече муунду тарбиялап өстүрдү, азырда тарбиялап жатат.
90 жылдык бул символикалык жакшы көрүнүш. Көп учурда ушул нерсенин маанисине жете түшүнбөй жатабыз. Мисалы, Улуттук телевидениенин ишин, андагы редакцияларды, даярдалган материалдарды диссертация кылып жазуу эми гана колго алына баштады. Анткен менен бул кыргыз телевидениеси дың бойдон, чети оюлбай изилденүүгө муктаж бойдон калууда. Эгер толук изилдене турган болсо, филофосиялык, социологиялык, политологиялык жана башка бардык тараптан изилдене турган чоң уюм. Ошондо биздин 90 жылдык тарыхыбыздын бейнеси ачылмак. 90 жыл ичинде коомго тийгизген таасири, артыкчылыгы, кемчилиги , кадрдык даярдоолор ошолордун бардыгы өз өзүнчө изилдене турган чоң иш. Бирок, ага карабай 90 жылдык мааракебизди белгилейбиз, себеби бул маараке улуттук аң-сезимдин калыптанышы үчүн да керек деп ойлом. Бардык тараптан алып карганда 90 жылдык эң чоң эмгек бул Кыргыз радиосунуку. Мисалы азыр Кыргыз радиосунун Алтын казынасында сакталган дөөлөттөр мамлекеттик тарых музейинде да, эч бир архивде жок. Бизде гана бар. Биз бүтүндөй улуттун эс тутумун алып жүрүүчүлөрбүз. Келечекте ушул Алтын казынанын өзү боюнча да бир нече диссертациялар жазылып, илимий баа берилиш керек. Кыргыздын баа жеткис көркөм мурастарын сактап, жогоруда айткандай улуттун эс-тутумун алып жүргөн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын коомдогу орду чоң жана ошол бойдон калыш керек.
Маектешкен Мунара Алимжан кызы