“Бул күн тек гана символикалуу көрүнүш болбостон, биздин рух дүйнөбүздүн азыгы жана улуттук идеологиялык жагдайдан алганда, жалпы элди алдыга сүрөй турган, дем бере турган кудуретке ээ”.
Филология илимдеринин доктору, “Манас” коомдук академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиянын төрагасынынын орун басары, манастаануучу Жылдыз Орозобекова менен маекти сунуш кылабыз.
- 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь күнү “Манас эпосунун” күнү деп жарыяланган. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору 2013-жылы ЮНЕСКОнун “Адамзат маданий мурастары” тизмесине киргизилген.Манас эпосунун күнү деп жарыялап коюу менен катар сиз “Манас” изилдөөчү катары эпостун маани-маңызын элге түшүндүрүү багытында кандай иштер жүргүзүлүүдө?
- “Манас” десе кыргыз эли автоматтык түрдө өзүнө кандайдыр табийгый күч-кубат алат. Аны өздөрү деле так түшүндүрүп бере алышпайт. Анткени, кыргыздын аң-сезимине бул көрүнүш биологиялык жактан келип орноп кан-жанына бүтүп калган.
“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору 2013-жылы ЮНЕСКОнун “Адамзат маданий мурастары” тизмесине киргизилгени элибиз үчүн чоң сыймыктуу, ары түбөлүктүү ар-намысты бекемдеп берди. Бул күн тек гана символикалуу көрүнүш болбостон, биздин рух дүйнөбүздүн азыгы жана улуттук идеологиялык жагдайда алганда, жалпы элди алдыга сүрөй турган, дем бере турган кудуретке ээ.
Ушул маселени тереңден түшүнгөндүктөн, илимде 150 жылдан ашуун убакытта Манас таануу илими түптөлүп-өнүгүп, фольклористиканын, анын ичинде эпос таануунун теориялык багытын ар тараптуу чыңап келет. Мезгилдер өткөн сайын КУИАнын алтын корундагы эпостун варианттары илимий академиялык, илимий жана көркөм таризде четинен элге жеткирүү максатында 30-40 чамасында варианттар жарыяланып келе жатат. Илимпоздор ар тараптуу илимдердин аспектисинде изилдөө иштерин колго алды. Мындан сырткары коомдук уюмдар, бирикмелер, фонддор түзүлүп республикалык масштабда эл арасында иш-чаралар тынбай өткөрүлүп, элдин кызматында жүрүшөт.
“Манастын” темасында профессионал адабиятта роман, повесттер , поэзияда ырлар, драматургияда пьеса, драмалар, музыкада опера, симфония, күүлөр, комуз ыргагында күүлөр, этноэстрадада мелодиялар элге тартууланып келе жатат. Бул дегендин өзү кыргыздын кыргыз болмогундагы жан дүйнөсүн ээлеген сезимтал руханий азыктын жашап жатканы дегендик.
- “Манас” эпосу кыргыз элинин портрети, кыргыз элинин жашоо-турмушунун энциклопедиясы деп айтып келишүүдө.
-Ушул сөз улуу ориентолог Ч. Валихановдун берип кеткен аныктамасы. Чыны менен эле “Манас” бир улуттун толук кандуу көөдөнгө жазылып калган тарыхы. Кыргыз элинин эле тарыхы эмес, бул жерде жалпы кыргыз тектүү түрк элдеринин дээрлик көбүнүн тарыхы, маданияты, жашоо эрежелери калыптанган.Бул эпостун гипертекстинин мейкиндигинде ташка-тамга баскандай жазылып турат.
2022-жылы Президентибиздин “Руханий маданиятты өнүктүрүү”, “Манасты” изилдөө жана жайылтуу, “Нарк” тууралуу чыккан бир катар Жарлыктары жөн жерден чыккан жок. Бул мамлекетибиз өнүгүүнүн кайсы багытын тандаса дагы адамзаттын руханий маданияты болмоюн, өзүнүн эне тилин кадырламайын экономикалык бийиктиктерге чыга албасын жогорку деңгээлде тереңден түшүнгөндүк деп кабылдообуз керек. Биз тилибиз, каада- салтыбыз, жашоо эрежелерибиз, айткан тыйымдарыбыз, ар-намысыбыз менен кыйынчылык кыйчалыш доорлордон жоголуп барып өнгөн, түгөнгөн сайын түтөгөн, түбүнөн бери күчөгөн , ошондой өжөрлүгү менен сакталып калган деми күчтүү баатыр элдин урпактарыбыз.
Анткени “Манас” жакшы, тынч жашоо үчүн, бу жалган дүйнөдө ээлик кылган жерибиз, мейкин көк асманыбыз болсун деп, этектей жер үчүн далай кан-бектердин, алп баатырлардын аларга өбөк-жөлөк болгон кайраттуу, биримдиктүү каарман баатыр элдин баштары кетип жатып курулган , ушул салты менен эл болсун, тили болсун , жараткан Эгеме ишеничи болсун деп империя куруп адамзаттык акыйкат, чындык, теңдик, калыстык Ата-Мекенди сүйүү ,ал үчүн жанын берүүгө дайым даяр, кол кармашып ынтымакта жашагыла деген идеологиянын негизи чөгөрүлгөн, аны кагазга эмес, урпактан –урпакка улуу тили менен сактап алып жүрсүн деген уникалдуу элдин гениалдуу энциклопедиясы.
- “Манас”эпосунун котормолору тууралуу кеп салсаңыз... башка тилдерге которулса өзүнүн касиетин жоготуп коет деген сыяктуу пикирлер да айтылып да жүрөт , “Манас” эпосун дүйнө элдери таанып, кабыл алуусу үчүн кандай багытта иштер жүргүзүлүүсү керек?
- Албетте котормо бир элдин маданиятын экинчи бир элге таанытуунун маданий, илимий, бирден-бир тарыхый жолу. Котормолор жүз деген жылдар аралыгындагы тарых изинде турат. Дегеним, адеп эле манасчынын оозунан жазып алган В. Радлов, Ч. Валихановдордон тартып ыр формасы кара сөз формасына келтириле баштап, дүйнө элине таанытуу иши башталган. Убакыт өткөн сайын “Манастын ” мазмунунун, маанисинин тереңдиги окумуштуулардын, котормочулардын назарын буруп келет. Анткени чыгарма тарыхый, маданий эле мааниде кабыл алынбастан, саясий идеологиялык дагы мааниге ээ болгон. Азыркы биздин тарыхыбызды жазып берген окумуштуулар, “Манастын” тарыхый эпос деген аталышта болуп калганы да ошондон. Дээрлик 30дай тилде толук жана толук эмес, илимий академиялык котормолор, көбүнчө кыскартылган, прозалык, поэтикалык түрдөгү басылмалары жайылды.
Олуттуу котормолор бар, 1946- жылы жарык көргөн “Чоң казат”-“Великий поход”(Липкин, Тарловский, Пеньковский), кийин 1984-жылы чыккан Покровская, Мусаевдер даярдаган илимий басма жана 1995-жылдан тарта толук вариант катары казактарда, В.Радлов жазып алган варианттын түрк тилине которулгандыгын белгилесек болот. Ал эми толук эмес, үзүндү болуп чыккандары арбын. Жалпы адамзаттык мааниде караганда бул өтө эле аз.
Кезинде “Манастын” башка тилдерге которулушуна алп окумуштуулар алптай мамиле кылып келген. Учурда кийин 20 жыл ичинде “Манас” жазгычтар чыгып, алар башка тилдерге которулуп жатканына күбөбүз. Арийне кандай жагдайда которулуп, мааниси оригиналга коошпогон катуу бурмаланган мотивдери менен, улуу чыгармага ыйык мамиле кыла албаган тенденцияны жараткан адамдар, болгондо да псевдоилимпоздор жиреген котормолор жарык көрүп жатат. “Пул бар жерден ыйман качат” дейт, элдин руханий дүйнөсүн дагы бизнестин айдыңына айлантып алгандар жок эмес. Бул дагы өзүнчө бир өксүк, трагедия.
Албетте “Манастын” варианттары дагы, кыскартылабы, кысылабы, кайрадан баяндоо болобу, тезистик форматта болобу классикалык үлгүлөрдү бурмалабай, ар кимдин акыл ченеминен чечилбей адис окумуштуулардын элегинен өтүп, Илимдер академиясындагы “Манас” жана акындар поэзиясынын алдында котормо боюнча атайын мамлекеттик маанидеги эксперттик комиссия түзүлүп, ошол жерде талкууланып, басмага уруксат алуусу зарыл.
- Маалыматтарга таянсак, Манас деген сөздүн географиясы өтө кенен экен.Алсак, Кытайда, Испаниянын Пиреней жарым аралында Манас деген шаар, Францияда, Венгрияда да Манас айылы бар экени маалым. Кореяда бир тоо чокусунун аталышы, Японияда Семетей аттуу шаар... Бул топонимдер менен “Манас” эпосунун байланышы кандай деп ойлойсуз?
- Манас –деген сөздү С. Орозбаковдун вариантында текстин өзүндө чечмелеп берет, ал жерге адамзаттын ыйык, ары күчтүү элинин багына туулган уул келгендигин, ысым анын бу дүйнөдөгү биринчи алган энчиси экенин ошол кездеги пантеондук денгээлге алып чыккан образ сүрөттөлөт. Адамдын ысмы анын тагдырына сөзсүз таасирин берет. Сөздүн күчү.
Ошентип, бул ааламдагы жалпы эле адамзатынын тагдырына таасир берүүчү мандайына бүткөн “ асман адамы” деген маанини туюндурган. Чыны менен эле Манас - дүйнө тарыхында адамзат цивилизациясынын башатында биринчи империя курган, биринчи мамлекеттик түзүмдү аныктаган, бекем тартипти орноткон, биринчи адамзаттын байлыгы, анын эркиндиги экенин туюндурган, бардык элге тегиз бирдей калыстыкта мамиле кылган, жалпы адамзаттын көбүн өзүнүн идеясына тарта алган улуу инсан болгон. Анын жашап өткөнү тарых издеринде географиялык аймактарда, уруулук, этностук, улуттук аталыштарда жана элдик аң-сезимдин эң жогорку эс-тутумунда сакталып калганы да ошондон.
- “Манас” эпосунун көлөмү өтө чоң. Кыскартылган, кара сөз түрүндөгү варианттарын жазууда кандай иштер жүргүзүлүүдө?
- Мындай практика дээрлик кылымдан ашуун аралыкты кучагына алат. Бир жагынан бул эпостун идеясын кеңири масштабда адамзатка жеткирүүгө зор салымын кошот, ушул багыттагы илимдин кеңейишине жол ачат, кыргыз тектүү элдердин биримдигин чыңайт. Эл кандай таанылат? Эл өзүнүн маданий дүйнөсү менен таанылат. Кийинки кездерде проза, поэзиялык жанрдык түрлөрдө, эпикалык ыргакта, бириктирилген, кыскартылган, кысылган, тезистик , кайра баяндоо формаларында элге жайылтылууда.
- Рахмат!
Маекти алып барган КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер ГҮЛМИРА КУЛУМБАЕВА