Жаңылыктар
Баткенге жардам: элден 338,3 млн сом чогулду
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенге жардам: элден 338,3 млн сом чогулду

Тажик тараптын Баткен облусуна кол салуусунан жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке түшкөн каражаттын 148,7 миллион сому коротулду. Бул туурасында Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Жалпы элден 338,3 миллион сом чогулган. Учурда 194,4 миллион сому пайдаланыла элек.

Ал эми 148,7 миллион сом кайсы багыттарга жумшалганы айтылган эмес. Маалымат 1-декабрга карата берилди.