Жаңылыктар
Стамбулдагы фестивалда “Көч” даректүү тасмасы баш байгеге ээ болду
Маданият
Стамбулдагы  фестивалда  “Көч” даректүү тасмасы баш байгеге ээ болду

Стамбулдагы "Түрк дүйнөсү" фестивалында кыргызстандык “Көч” даректүү тасмасы баш байгеге ээ болду. Тасманын режиссерлору Артыкпай Сүйүндүков, Молдосейит Мамбетакунов жана Стамбулбек Мамбеталиевдер.

 “Көч” тасмасы буга чейин Казандагы мусулман кинолорунун фестивалында жана Катардын борбору Дохадагы даректүү тасмалардын эл аралык фестивалында баш байгени жеңип алган. 

2012-жылы жергиликтүү “Ак илбирс” кино сыйлыгында “Эң мыкты тасма” деп табылган. Ушул эле фестивалда “Түрк дүйнөсүнүн өзгөчө сыйлыгы” жаш режиссер Адилет Каржоевдин "Сары ой" тасмасына ыйгарылды. 

Бул жылы биринчи жолу өтүп жаткан фестивалда Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Татарстан, Хакасия, Азербайжан жана Башкыртстандан даректүү тасмалар ат салышты.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118