Жаңылыктар
“Ааламдашуу шартындагы медиа” Эл аралык медиа форуму. Түз эфир
Кыргызстан жаңылыктары
“Ааламдашуу шартындагы медиа” Эл аралык медиа форуму. Түз эфир

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын 90 жылдыгына арналган “Ааламдашуу шартындагы медиа” Эл аралык медиа форуму УТРКнын концерттик студиясында өтүүдө.

Иш чарага Эл аралык жана Кыргызстандын медиа өкүлдөрү, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбектан, Беларусия, Иран ж.б. мамлекеттердин элчилик өкүлдөрү, ММК жетекчилери жана журналисттери, ошондой эле БиБиСи, ТРТ, “Хабар” өңдүү ири медиа корпорациялардын жетекчилери, редакторлору, жергиликтүү ММК өкүлдөрү, чет элдик жана Кыргызстандын жогорку окуу жайлардын ректорлору, тиешелүү факультеттердин декандары, окумуштуулар, медиа серепчилер, тележурналисттер катышууда.

Форумдун катышуучулары жаңы медианын салтуу ММКга тийгизип жаткан таасирлери, анын алкагындагы актуалдуу маселелер, телекөрсөтүүнүн көрүмдүүлүгүн жана радионун угумдуулугун арттыруу ыкмалары, заманбап журналисттерди даярдоодо билим берүү системасынын алкагында талкуу жүргүзүшөт.