Жаңылыктар
Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Заманбап Кыргызстандын саясий жана социалдык-экономикалык чөйрөлөрдөгү ийгиликтери, өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюнун өсүшү — Сиздин Мекенге болгон ак ниет кызматыңыздын, Мамлекет башчысы катары алысты көрө билген конструктивдүү саясатыңыздын натыйжасы.

Сиздин демилгелериңизди жана реформаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу мындан ары да кыргыз элинин туруктуу өсүшүнүн, бакубаттуулугунун жана гүлдөп-өнүгүшүнүн кепилдиги болуп кызмат кыла берерине ишенем.

Мен биздин достугубузду жана биздин мамлекеттер менен элдерибиздин ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон Сиздин жеке салымыңызды жогору баалайм. Сизге боордош Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө чоң ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат Казакстандын Президентинин куттуктоосунда.