Жаңылыктар
Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Жылуу баарлашууда учурдан пайдаланып, Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакыт, бакубатчылык жана жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады. 

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде россиялык кесиптешине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолору жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы көп кырдуу кызматташтык эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да алдыга өнүгүп, чыңдала берерине ишенимин билдирди. 

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибин талкуулашты.