Жаңылыктар
Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өттү
Чек ара
Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өттү

Тараптар жетишилген макулдашууга ылайык, 2022-жылдын 1-декабрдан 6-декабрына чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан маалымдайт.

Маалыматка ылайык,жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкенин долбоордук сыпаттамасын түзүшкөн. Ошондой эле аталган багытта ишти улантуу максатында 2023-жылга жолугушуулардын графиги макулдашылды.

Жумушту топтун жолугушуусу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн.

Кийинки жолугушууТажикстандын аймагында өтөт.