Жаңылыктар
Мас абалында унаа айдагандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат
Кыргызстан жаңылыктары
Мас абалында унаа айдагандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат

Алкоголдук ичимдик ичип алып унаасын башкарган айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан ары мас абалында унаа айдагандарга айып пул салынбайт.

«Айдоочулук күбөлүгү алынып, биринчи жолу — бир жылга, кайра— үч жылга. Кошумчалай кете турган жагдай, ылдамдыкты саатына 40-60 чакырымдан ашкандарга 7,5 миң сом, 60 чакырымдан ашкандарга 15 миң сом айып салынат. Каршы тилкеге чыгуу – 15 миң, автобейбаштык – 15 миң», — деди Азамат Исраилов.