Жаңылыктар
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагандардын 298 насыясы жоюлду
Экономика
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан  жабыркагандардын 298 насыясы жоюлду

Ушул айдын 1-декабрына карата Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышта жабыркаган 474 карыз алуучу финансылык-кредиттик уюмдарга кайрылган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Анын ичинен 298 насыя 19миллион 974 миң сом жоюлса, 38 миллион 430 миң сомдук 170 насыя реструктуризацияланган.

“Учурда финансылык-кредиттик уюмдар бул аймактарда жабыркаган насыя алуучулардын бардык арыздарын  кароону улантууда”, – деп билдирди Улуттук банк.