Бишкекте даяр медициналык справкаларды саткан факты аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясы кабарлады.
Маалым болгондой, №8 үй –бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери айдоочулук күбөлүк алуу үчүн даяр справкаларды саткан. Ошондой эле жарандын Республикалык наркология жана психикалык ден соолук борборунун каттоосунда турбагандыгын тастыктаган жасалма мөөр басылган.
Текшерүү учурунда дарыгерлерден окулист, лор, хирург, терапевт, неврапатолог жана эки борбордун жасалма мөөрлөрү табылган. Мындай окуя биринчи ирет катталган жок. Коомчулукта даяртактамалар көпчүлүк убакта сатылаары айтылып келет.
“Сиздин убакытынызды үнөмдөйбүз, сиз үчүн дем алуусуз иштейбиз”-деп чакырык таштаган Бишкектеги медициналык тактама берүүчү борборлордун биринде иштеген айым, келгендерди дал ушинтип кабыл алат.
Шаарда мындай жайлардын көптүгүнөнбү айтоор ал суроо-жоопко келбей туруп, паспортунду алып, документ толтурууга шашылат экен. Бул бөлмөдө хирург, лор, неврапатолог, терапевт, окулист олтурганы менен алардын эч кандай текшерүүсү жок кайрылгандарга 150 сомдон өйдө 086,083, медициналык тактамаларды сатышат.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118