Жаңылыктар
Элдик Курултайдын Резолюциясы Жогорку сотко тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Элдик Курултайдын Резолюциясы Жогорку сотко тапшырылды

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Элдик Курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевди кабыл алды. 

Кадыр Кошалиев Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго улуттук жыйында кабыл алынган Резолюцияны расмий тапшырды. 

Анда Жогорку сотко төмөндөгүдөй сунуштамалар берилген. Жарандардын кайрылууларын, даттанууларынды дыкат аткарып, адилеттүү жана калыс жыйынтыктарды чыгаруу. Шектүү катары кармалган жарандардын иштерин узакка созбой, кыска мөөнөттө карап чыгуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү. Сөз эркиндигин балоо менен сөз маданиятын сактоону да ыйык парз катары эстен чыгарбай, эркин ой айтуунун аягы саясий куугунтукка айлануусуна жол бербөө. 

Чек ара маселеси боюнча камалгандардын ишин мыйзам чегинде адилет, кылдат карап чыгып, үй камагына чыгарып тергөөнү улантуу, күнөөсү жокторду бошотуу. 

Жолугушууда сот бийлиги менен Элдик Курултай институтунун ортосунда иштиктүү кызматташуу маселелери талкууланды.