Жаңылыктар
Еаэб: илимий-техникалык кызматташтык
Саясат
Еаэб: илимий-техникалык кызматташтык

 “Жаңы экономикалык чакырыктардын шартында илимий-техникалык кызматташтык ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизи катары: тенденциялар жана өнүгүү келечеги” аттуу илимий-практикалык конференция Бишкек инвестициялык саммитинин алкагында Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинде өттү. 

Жыйындын катышуучулары билим берүү программаларынын өз ара аракеттенүүсү жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн илимий дараметин натыйжалуу пайдалануу аркылуу экономиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.