Жаңылыктар
Гаитидеги бороондуу шамал 1000ге жакын адамдын өмүрүн алып кетти
Дүйнө
Гаитидеги бороондуу шамал 1000ге жакын адамдын өмүрүн алып кетти

«Мэттью» бороондуу шамалы Гаитиде 1000 адамдын өмүрүн алып кетти. Рейтерс агенттигинин билдирүүсүнө таянсак, жабыркагандардын саны 800дөн ашык экени кабарланууда. 

Жергиликтүү бийлик аралда үч күндүк улуттук аза күтүү күнүн жарыялашты. 

Миңдеген адамдардын өмүрүн алган бороон-чапкын 4-октябрда болуп өттү. Өлкөнүн түштүк жана түштүк-батыштагы көпчүлүк калк жайгашкан аймактарына азыр деңиз, же аба аркылуу барууга гана мүмкүн. 

Көп жерде электр жарыгы өчүп, телефон байланышы үзүлдү. Айрым жерде шамалдын ылдамдыгы саатына 230 чакырымга чейин жетти. Жүздөгөн үйлөр толугу менен кулап калды. Жерине барган куткаруучулар 82 адамдын сөөгүн табышты.




Сүрөт: reuters.com

 

 Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118