Жаңылыктар
Ж.Воинов менен Т.Назарбеков «Танцы ТНТ» долбоорунун алгачкы тандоо турунан өтүштү
Маданият
Ж.Воинов менен Т.Назарбеков «Танцы ТНТ» долбоорунун алгачкы тандоо турунан өтүштү

Кыргызстандык бийчилер Жан Воинов менен Темирлан Назарбеков Россиялык «Танцы ТНТ» шоусунда алгачкы тандоо турунан өтүштү. 

Долбоордогу калыстар тобунун өкүлү, хореограф Мигель - Жан Воинов долбоорго мыкты даярдык менен келгенин белгиледи. 

Дагы бир мекендешибиз Темирлан Назарбеков шоуда комуздун коштоосунда бийлөөнү чечкен. Кыргыз элинин улуттук аспабынын добушу калыстар тобундагы Мигель менен Сергей Светлаковдун өзгөчө кызыгуусун жаратты. Эми бийчи мекендештерибиз долбоордун экинчи туруна өтүшү керек. Андан соң Мигель менен Егор Дружининдин бий командасына тандоо жүргүзүлөт.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118