Жаңылыктар
Дарыгерлер бейтаптарды дем алыш күндөрү дагы кабыл алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Дарыгерлер бейтаптарды дем алыш күндөрү дагы кабыл алууда

Балдардын арасында сасык тумоонун көбөйгөнүнө байланыштуу Бишкек шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды дем алыш күндөрү дагы кабыл алууда.

Муниципалитеттен белгилешкендей, оорулардын көбөйгөнүнө байланыштуу Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага медициналык жардам сурап кайрылган бейтаптардын саны жогорулады.

Ушуга байланыштуу респиратордук патологиясы бар балдарды ооруканага жаткыруу жана дарылоо үчүн төмөнкү айрым ооруканаларда кошумча керебет орундар жайгаштырылды.

Мындан тышкары, үй бүлөлүк медицианалык борборлордун дарыгерлери ишемби жана жекшемби күндөрү саат 08.00дөн 20.00гө чейин Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө нөөмөт иштерин улантууда.