Жаңылыктар
Интеграциялык биримдиктин алкагында кабыл алынган кадамдар
Саясат
Интеграциялык биримдиктин алкагында кабыл алынган кадамдар

Акыркы 3 жылдан бери ар кандай белгилүү себептерден улам онлайн форматында гана өтүп келген Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыл жыйынтыктоочу жыйынын быйыл Төрагалык милдетин аткарып жаткан Кыргызстан - бул сапар бетме-бет өткөрө алды. 

Белгилүү болгондой, интеграциянын алкагында акылдашып-кеңешип, бир пикирге келе турган маселелер арбын. Себеби, дүйнөнү экономикалык каатчылык каптап, геосаясий айдыңда да олку-солкулук. Бул шарттарда альянска мүчө-мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык жана финансылык туруктуулугун камсыздоо зарыл. Ошондой эле, азык-түлүк коопсуздугу, бажы-тарифтерин жөнгө салуу, каржы жана валюта рынокторун камсыздоо сымал бир топ олуттуу маселелер да турат.