Жаңылыктар
Күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүү каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүү каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду

КР УКМК тарабынан республиканын аймагына күйүүчү-майлоочу майларды алып келүү жана сатуу боюнча мыйзамсыз канал уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Жүргүзүлгөн иш-чарада узак убакыт бою Казакстандан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүүнү уюштуруп, эсепке алынбаган продукцияларды жасалма документтер менен салык органынын кызмат адамынын катышуусу менен легалдаштырып, андан ары негизинен республиканын түштүк аймактарына сатууну уюштурушкан адамдар аныкталды.

Ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз каналдын уюштуруучулары Ш.М. жана Д.О., ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын башкы инспектору М.Т. кармалышып КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан бул кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш- чаралары жүргүзүлүүдө.