Жаңылыктар
Дүйнөлүк маданиятта - дүңгүрөйт Чыңгыз Айтматов. Абибилла Пазылов менен маек
Маданият
Дүйнөлүк маданиятта - дүңгүрөйт Чыңгыз Айтматов. Абибилла Пазылов менен маек

12-декабрь – Улуттук   адабият күнү


Пазылов Абибилла, жазуучу, Кыргыз Республикасынын  маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл аралык Айтматов сыйлыгынын ээси.

Он бештен ашуун китеп, жыйнактардын автору. Андан  сырткары, бир нече  драма,  инсценировкалары республикабыздын театрларында сахналаштырылып, сценарийлери  боюнча даректүү тасмалар тартылган. Айрым чыгармалары орус, өзбек, азербайжан,  белорус, англис, немис, фарси, кытай тилдерине которулган.

-Абибилла, бүгүн биз  Чыңгыз Айтматовдун  акыркы чыгармаларынын  бири катары   “Тоолор кулаганда” романы тууралуу кеп куралы. Ал чыгарма  адегенде   орус тилинде жазылып, 2006-жылы   “Дружба  народов” журналына  жарыяланып, андан соң  кыргызча жана  башка тилдерге  которула баштаган.  Бир  котормосу Самсак Станалиевдики,  экинчиси “Жаабарс”  аталышында сенин  котормоң... Бул чыгарманы  которууда   эмне себептен  эки котормочу  эмгектенди деп ойлойсуң?Ушул  жерден мен   котормо тууралуу  улуу  жазуучу  Чыңгыз  Айтматовдун өзүнүн  айткандарына токтолоюн:

Классиканы  которгондон кыйын жана  азгырмалуу эмне  бар? Керек болсо опурталдуу да. Не дегенде, баары алаканга салынгандай көрүнүп   турат. Ал үчүн  котормочу терең  маданиятка ээ болушу керек. Күлкү келээрлик  окуяга күбө болгонум бар:бир котормочу орус классикасынын  белгилүү   чыгармасын  которуп, төрөнү да,  малайды да бир тилде сүйлөтүп   таштаптыр. Эмне демекчисиң? Бир чети таң калсаң, бир чети зээниң  кейийт. Арийне, андай учур качандыр кокустук катары гана каралып калаар  деген  ишеним бар.”

-“Тоолор кулаганда” романынын кыргызча  үч котормосу бар. Ырас, Самсак Станалиев экөөбүздүн эки бөлөк котормобуз эл арасына көбүрөөк жайылып  кеткенсийт.

Эми мындай көрүнүштөр улуттук  адабиятыбыздын тарыхында арбын кездешет экен.  Пушкиндин “Евгений Онегини” деле кыргыз тилине үч жолу которулуптур. Кээ бир классик калемгерлердин  жалгыз  поэтикалык туундусун   кыргызчалатууга бир нече автор кайрылган учурларды билем. Алыстан мисал издебейин, Расул Гамзатовдун Чыңгыз Төрөкуловичтин элүү жылдык мааракесине арнап жазган татынакай ырын мен өзүмчө, алтындай акыныбыз Омор Султанов өзүнчө которуп, окурмандарга тартуулаганбыз.

Котормо деле толук кандуу көркөм-эстетикалык дөөлөткө  жатат. Анын түйшүгү ат көтөргүс түйшүк. Анан калса, Айтматовдун романын жазуучунун  көзү тирүүсүндө которуу оңойго турган эмес. Акөрөкчө Толстойдун же Достоевскийдин романын которсом эмне деп арман кылып ийген ирмемдерим  эсимде.

Асыресе, Чыңгыз Төрөкулович “Тоолор кулаганданын”  агезде мезгилдүү басма сөзгө басылып үлгүргөн  үзүндүлөрүнө ынанып, “тездет” деп жүрдү. Кеп-кеңешин аяган жок. Жыйынтыгында котормом классиктин 2008-жылдагы сегиз томдугунан орун алды.

Чыгармачылык тагдырым, баса,  аталган роман менен кыйла  байланыштуу десем жаңылышпайм. Анткени анын кириш бабын береги чыгарма биротоло  бүткүчө, тактап айтканда, 2003-2004-жылдары эле которуп, “Кыргыз туусу” гезитине жарыялап,  алиги котормонун негизинде пьеса жазып, аным  республикалык “Учур” жаштар театрына коюлуп (бүгүнкүгө чейин репертуардан түшпөй келетат), спектаклдин бетачаарына Чыңгыз Төрөкулович тикелей катышып, баарыбызды жылуу куттуктап,  кайталангыс асердүү окуяны баштан кечирген эмеспизби!? Кийинчерээк “Жаабарс” үчүн мага жана тигил театрдын таланттуу  артисттерине, “биринчи мугалимибиздин” колдоосу менен, албетте,  эл аралык Айтматов сыйлыгы ыйгарылган. 

“Жаабарс” пьесасы   орусчага драматург  тарбынан  оодарылып, Москвадан, “Современники и классики” аттуу айтылуу альманаха басылды. 2010-жылы роман да так эмелекидей аталышта “Турар” басмасынан жарык көргөн эле.


2018-жылы “Тоолор кулаганда” романын инсценировкалап, сахнага ылайыктап, Ш.Термечиков атындагы Чүй театрына сунуштагам. Спектаклди казактын белгилүү режиссёру Бекпулат Парманов жүзөгө ашырды. Ал дагы азыркыга дейре адабият, искусство күйөрмандрынын  алдында калыбынан жазбай  ойнолууда.

Айтса, эки-үч котормонун жаралыш тарыхы, зарылчылыгы,  булардын  бири биринен айрымасы жөнүндө жогорку адистик деңгээлде кеп козгогон  адабиятчыларды жолуктура элекмин. Анда-мында үн каткандар болсо болгондур, некин, тексттерди  олуттуу талдоого, салыштырууга белсенмеги анык  азаматтар  көрүнбөйт.

-Чынгыз  Айтматов  эки тилде  чыгарма жараткан  жазуучу. Окурмандардын көпчүлүгүн  кызыктырган   суроо  бар. Айтматов кайсы  чыгармаларын  орус тилинде, кайсы  чыгармаларын  кыргыз тилинде жазган. Ал  чыгармаларды которууда  тил байлыгы, ой  байлыгы  кандай  сакталган?

   -Чыңгыз Төрөкулович, “Гүлсараттан” баштап негизинен орусча жазууга өткөн белем. Анын башкы жүйөөсүн, менимче, даркан прозачынын эки тилди ашташтыруу, чабыштыруу, кыйыштыруу аркылуу айрыкча  көркөм аалам, өзгөчө эстетикалык нарк  жаратууга аракет жасаганынан табуу туура го. Мунусун түшүнүп да, түшүнбөй да, ардеме дегендерди кулагым чалып калат.

Жаш чагымда   бир райондук гезиттин бетинен  абдан сыйлаган журналист агамдын  төмөнкүдөй какшыкчыл төрттүгү  менен таанышкам:

Гүлсары миңген Танабай,

Салам айтсам карабай,

“Я киргизский не знаю” деп,

Ийинин кысат, капырай?!

 Баягы замандардын кайсы бир заманында   мектепке барган текшерүүчү андагы  кыргыз тили жана адабияты мугалимине  “Айтматовдун “Прощай, Гульсары!” повестинде эмне сүрөттөлөт?” деген собол  узатса, тигиниси “Гүлсара аттуу карапайым  кыргыз аялынын оор турмушу сүрөттөлөт” деп жооп берген окшобойбу. Мындай чайканадагы аския  тариздүү  окуя тушунда республикалык абыройлуу  басылмага дейре басылып, алынча тараганына күбөмүн. Айтор, эки тилде бирдей узанган устатыбызды чымчылагандар да чыкпай койбоду, үркөрдөй  тобубуздан.

Иш жүзүндө билингвизм, кош тилдүүлүк чыгармачылыктагы эзелтен көч улаган кадыресе кубулуш. Ал эми Чыңгыз Төрөкулович адамзаттын адабияттындагы эң ири билингвист жазуучу.


Жакында Улуттук китепканабызда Петербургдук адабиятчылар менен жолуктук. Анда  орустун  таанымал акыны Владимир Скворцов жарыкчылыктын  түркүгүнө айланган чыгаандардын – музыканттардын, сүрөтчүлөрдүн, акын-жазуучулардын түбөлүк жашоодогу  орду жөнүндө жараткан  олуттуу ырын окуду. Ырда  Айтматов туурасында мындай делет:

Айрыкча курсак кайнатып,
 Алтының чирийт жай жатып.
 Дүйнөлүк маданиятта,
 Дүңгүрөйт Чыңгыз Айтматов.

Абалайт кыргыз руху,
 Азыркы жана мурунку,
 Асылы кызыл жоолукчан,
 Азыгы көзгө урунттуу…

-Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жөнөкөйдөн   татаалга   бийиктеп  олтуруп, ааламдык  алкакта ой жүгүртө  алган  каармандардын   өзгөчө  галереясын түзүп кетти.  Айтматовдун  жарык  көрбөй   калган  чыгармалары барбы?  Аларды  окурмандарга  жеткирүү   маселеси  кандай  болууда?

-А түгүл кыргызча чыкпаган романы дагы  табылбадыбы. Орусча жазылыптыр,  Болгарияда болгарча басылыптыр.”Земля и флейта” (“Жер жана чоор”).Өзүм дагы  Чыңгыз Төрөкуловичтин бирин-экин  мурастарын котордум. Котором дегенчелик даярданып,  көңүл кушум түшкөн эссе, макала, маектери да бар. Дегеле жазуучу тууралуу маалыматтарды такай көзөмөлдөө мен үчүн өнөкөт көрүнүш.

Соңку сурооңор  абдан орундуу экен. Айтматов чийген ар бир арипти, ар бир сүйлөмдү окумал  журтубузга  төгүзбөй-тамызбай жеткирүүгө тийишпиз.  Аны биз жасабасак, ким жасайт? 

-Рахмат, чынында Айтматов  ааламы  чети оюлбас  кенч  сыяктуу, дагы-дагы кызыктуу  чыгармалары журтчулукка тартууланып  калчу күндөр  алыс эмес...  

         Маектешкен  КР  маданиятына эмгек сиңирген ишмер   Гүлмира Кулумбаева