Жаңылыктар
Көчмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө жарнамалай алды
Маданият
Көчмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө жарнамалай алды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү менен Кыргызстандын зоболосу бийиктеди. Дүйнө эли ата-бабадан калган оюндарга баам салып, байыркы элдин көөнө маданиятына баш бакты.

 Мына ушул Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына демөөрчүлөрдүн жана мамлекеттин эсебинен болуп, баш аягы 30 млн 507 миң доллардан ашык каражат сарпталды. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча милдеттер толугу менен ишке ашты. 

Ата-бабадан калган оюндарды даңазалаган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын кадыр-баркын дүйнөгө дүңгүрөттү. Көчмөндөрдүн жашоо-турмушун, дүйнө таанымын, улуттун маданиятын даңазалаган ири долбоор кыргыздын кылым карыткан байыркы эл экенин айгинеледи. Экономиканы, туризмди өнүктүрүүгө мыкты шарт түзүлүп, өлкө жаңы жолго кадам таштады-дейт Сапар Исаков.
Көчмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө жарнамалай алды. Эсеп боюнча оюндар өтүп жаткан маалда өлкөгө 60 миңден ашык турист келген. Келерки оюндарга катыша турган мамлекеттердин саны бул жолкудан да көп болоору айтылууда. Азыртадан келишимдер түзүлө баштады.
Сапар Исаковдун ырасташынча асыл тукум жылкыларды өстүрүү боюнча борбор ачуу макулдашылып жатат.
Өлкөбүздө өткөн ири саамалык толугу менен өзүн актады-деди маалыматы жыйындын катышуучулары. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өлкө үчүн байыркы оюндарды даңазалаган манилүү долбоор.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118