Жаңылыктар
Сасык тумоо менен ооругандар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Сасык тумоо менен ооругандар көбөйдү

Кыргызстан боюнча 5нен 11-декабрга чейинки аралыкта курч респиратордук вирустук инфекциянын жана сасык тумоонун 14 миң 78 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 1,5 эсеге өскөн. Ооругандардын жалпы санынын 68,7 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.