“Газпром Кыргызстан” компаниясы “Бухара газ району-Ташкент-Бишкек-Алматы” магистралдык газ куруунун, 1001-1063 чакырым аралыгындагы экинчи кезектеги бөлүгүнүн курулуш иштерин баштады. Азыркы убакта газ куурунда жерди казып, трубаларды орнотуу жана ширетүү иштери башталды. Бул магистралдык газ куурун ишке киргизүү менен республикадагы газ тармагынын мүмкүнчүлүгүн эки эсеге жогорулатууга шарт түзүлөт.
Өткөн жылы “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллердин катышуусу менен газ куурунун биринчи кошулган жерин ширетүү иши болуп өткөн.
Магистралдык куурлар жана компрессордук станция - бул республиканын жалпы газ тармагынын фундаменти болуп саналат. Аларды талаптагыдай абалда карабасак, жаңы райондорду газдаштырууга жана бөлүштүрүүчү тармактарды курууга болбойт.
“Газпром Кыргызстан” компаниясынын 2015-2017-жылдардагы инвестициялык программасын ишке ашыруу толугу менен жүрүп жатат. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын максаты - жалпы Борбордук Азия чөлкөмү боюнча республикада эң алдыңкы газ тармагын түзүү. Бул багытта иштер үзгүлтүксүз уланууда.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118