90 жылдык тарыхында Улуттук телерадиоберүү корпорация оңой эмес жолду басып өтүп, бүгүнкү күндө Кыргызстандын телерадио чөйрөсүнүн флагманына айлана алды. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Улуттук телеканалдын 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып белгиледи. Мамлекет жетекчиси эң башкысы “Улуттук” деген абройлуу макамга бап келгендей татыктуу иш алпарууну тапшырды.