Жаңылыктар
Парламентте референдум мыйзамы талкууланды
Саясат
Парламентте референдум мыйзамы талкууланды

 Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар комитети “Референдум” жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Документ буга чейин эки окууда кабыл алынып, бирок кошумча толуктоолорду киргизүү максатында бир катар депутаттардын сунушу менен кайрадан экинчи окууда кароого жөнөтүлгөн.

 Мыйзам долбоору референдум дайындоонун эрежелерин аныктайт. Ага ылайык, добуш берүүдө автоматтык үкөктөрдү колдонуу, жарандардын биометрикалык тизме менен референдумга катышуусун камсыздоо сыяктуу маселелер камтылган. Референдум мурдагы бийликтер учурунда курал катары колдонулуп келгени белгиленди. Серепчилер анда бул өнөктүк бийликти бир колго топтоо үчүн жасалып, же аны мураска калтыруу аракеттери менен коштолгонун айтышты. Ал эми 2011-жылдан кийин шайлоо тутумунда башталган реформалар- добуш берүү өнөктүгүн бир калыпка салууга мүмкүндүк берүүдө.
 Бүгүн болсо, мамлекет кайсы багыт менен өнүгүшү керек деген талкуулар жүрүп жатканда- референдум бул суроого жооп бере турган ыкмалардын бири экенин адистер белгилешти. Парламент бул маселеде азыр жоопкерчилик ала албайт, анткени өлкөнүн келчегин аныктоодо, өзгөчө баш мыйзамга өзгөрүү кирип жатканда ага жалпы элдин макулдугу талап кылынат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118