Кыргызстандын эл артисти, Казакстандын искусство тармагына эмгек сиңирген ишмери Дарика Жалгасыновага 75 жашка чыкты.
Чыгармачылык чыйырында терең из калтырган Дарика Жалгасынова көп кырдуу талант. Ал жалпысынан искусство тармагына 45 жыл кызмат өтөп, опера ырчысы гана эмес акын катары да белгилүү.
Бирге иштеген кесиптештери да Дарика Жалгасынованын Манас орденин алып жатканына сүйүнүп турушат. Анткени алар дагы каарманыбыздын маданият тармагына өтөгөн ат көтөргүс кызматын жогору баалашат.
Дарика Жалгасынова чыгармачылыкка 1966-жылы Москвадагы Петр Ильич Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетин бүткөндөн кийин келген. Ошондо тарта эмгек жолу башталып, ал жакта 1978-жылга чейин иштеген. Сахнада театрды түптөгөн Бейшеналиева, Кийизбаева сыяктуу улуу инсандар, Малдыбаев, Жумахматов, Давлесов, Молдобасанов сыяктуу шумкарлар менен бирге ырдап такшалган.