Жаңылыктар
ӨКМ: ыкчам аракетте куткаруу ишин жүргүзүп, маалымат таркатууга заманбап система ишке кирди
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: ыкчам аракетте куткаруу ишин жүргүзүп, маалымат таркатууга заманбап система ишке кирди

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын башкаруу борбору өзгөчө кырдаал түзүлгөн шартта ыкчам аракетке келип, куткаруу ишин жүргүзүү жана маалымат таркатуу боюнча заманбап системаны ишке киргизди. 

Адистерге окуя болгон жердин так геолокациясын алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Программаны БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү департаменти колдогон. 

Алар программаны ишке ашырууга көмөктөшүп, керектүү техникалык каражаттар менен камсыздап, ноутбук, смартфон жана принтерлерди берген.





Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118