Жаңылыктар
Салык кызматы 1 тоннадан ашык эсепке алынбаган спиртти ташуу фактысын аныктады
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы 1 тоннадан ашык эсепке алынбаган спиртти ташуу фактысын аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек-Ош автожолундагы "Сосновка" контролдук-өткөрмө пунктунан эсепке алынбаган спиртти ташуу фактысын аныкташты.

Алсак, рейддик иш-чаранын жүрүшүндө продукцияга тиешелүү документтери жок 1 тоннадан ашык этил спиртин ташыган унаа токтотулган.

Автоунаа айып салуучу жайга киргизилип, текшерүүнүн материалдары юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилди.