Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 11-декабрда болот. Муну негиздеген жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Борбордук шайлоо комиссиясына өнөктүктү мыйзамга ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырмасы берилди.
Ал эми өкмөткө Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдарын сметасына ылайыктап зарыл каражатты бөлүп берүү милдеттендирилди. Шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында мыйзамдуулук менен коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118