Жаңылыктар
Финалда ийгилик кимге жылмаят?
Спорт
Финалда ийгилик кимге жылмаят?

Франция жана Аргентина курамалары 18-декабрда Лусаиль шаарынын "Лусаиль" стадионунда дүйнө кубогу үчүн күч сынашат.

Тараптар акыркы 8 жыл ичинде турнирдин финалына бир жолудан чыгышкан, бирок Аргентина 2014-жылы Германияга финалда 0:1 эсебине утулса, Франция тескерисинче Хорватияны 4:2 эсебинде тизе бүктүрүү менен 2018-жылы дүйнө чемпиону аталган.

Тарыхка баш баксак, Аргентина 36 жылдан бери дүйнө кубогун ута элек. Буга чейин 5 ирет финалга чыгып, 2 жолу турнирдин жеңүүчүсү болгон (1978 жана 1986). Ал эми Месси "альбиселесте" менен дүйнөнү багынтыш үчүн 2-аракетин көрөт.

Тайпада биринчи беттешин уттурганда баары Аргентинага күмөн санап баштаган. Анткени менен ал оюн кокустук экенин далилдеди. Кезеги менен Мексика жана Польшаны утуп, биринчи орун менен 1/8 финалга чыкты. Ал жерде Австралиядан күчтүү болуп, 1/4 финалда Нидерланды менен кыл чайнашка беттеш өткөрдү.

Жалпы 4 гол кирди. Ошону менен бирге футболчулардын ортосунда ызы-чуу да болду. Оюндун башкы калысы Матео Лаос жалпы 16 сары айып кагазын көрсөтүп, Дүйнө чемпионатынын тарыхын жаңылады. Беттеш пенальтилер сериясына чейин жетти. Ошол жактан Америка кубогунун жеңүүчүсү Эмилиано Мартинес мыктылыгын көрсөттү. 30 жаштагы футболчу Вирджил Ван Дайк менен Стивен Бергейстин тепкен тобун тосуп алды. Ошентип 4:2 эсебинде аргентиналыктар жеңишти камсыздады.

Жарым финалда Лионель Скалонинин жигиттери Хорватия тараптан күчтүү оппозиция көрө алган жок. Месси өз эсебине гол жана ассист жазса, Альварес дубльдын автору болду.

Франция курама командасы бул турнирде кыйынчылык көргөн жок. Австралия менен Данияны уткан соң,Туниске каршы беттеште өздөрүнө жеңилдик берди окшойт. Франциялыктар бул оюнда упай жоготкону менен тайпадагы 1-орунду сактап, плей-оффтук баскычтагы ийгиликтүү жолун баштады. Польша жана Англияны жалпы 5:2 эсебинде утуп, жарым финалда сенсация жараткан Мароккого туш келди. Буга чейин Испания жана Португалияны алып ыргыткан марокколуктар учурдагы чемпиондорго каршылык көрсөтө алган жок (2:0).

Эки курама тең дүйнөнү эки жолу утушкан. Экөө тең жеңишке татыктуу. Лидерлери тууралуу сөз кылсак, Месси өзүнүн жогорку деңгээлдеги футболун көрсөтүүдө. Карамагында 5 гол жана 3 натыйжалуу пасы бар. Ал эми Килиан Мбаппе мелдеште 5 голдун автору жана 2 ассисттин ээси.

Аргентина өз жолунда кыйынчылыкты көрдү десек болот. Бирок финалдык беттеш "альбиселестеге" өзгөчө дымак бериши мүмкүн. Анткени бардык футболчулар Мессинин чемпион болушун самашат. Ал эми Франция өз жолунда күчтүү оппозицияны көрбөдү. Дидье Дешамда ар позицияда күчтүү делген футболчулар бар.

Эми Аргентина Франциянын оптималдуу курамына каршы кандай ойнойт? Ооба, аларда Месси бар. Ошол эле кезекте Скалонинин карамагында жаңы муундагы футболчулар да жок эмес. Бизди эң кызыктуу финал күтүп жатат. Баары Месси чемпион боло алабы деген суроону берип жатышат. 2018-жылы экөө жолукканын унутпайлы. Анда Франция 4:3 эсебинде жеңген.

Эми бул финал кайра Франция тарапта болобу же Аргентина 36 жылдан бери көздөгөн максатына жетеби? Бул суроонун жообун 18-декабрда КТРК Спорт телеканалынын түз эфиринде чогуу билебиз.