Жаңылыктар
Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты. 

Президент Садыр Жапаров Президент Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен кызуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми, боордош казак элине – бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.