Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Чүйдү кыдырды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Чүйдү кыдырды

Билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, айрыкча мектептердин курулушу жигердүү жүрүүдө. Мугалимдердин дагы маянасы көтөрүлдү. Бирок, бул дагы жетишсиз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Новониколаевка инновациялык орто мектебинин мугалимдери менен баарлашкан учурунда билдирди.

Аталган билим уянын бир корпусу 1960-жылы, экинчиси 1983-жылы пайдаланууга берилген. 975 окуучуга ылайыкташтырылган. Бирок, учурда 2500дөн ашуун окуучу окуйт. Маселени чечүү үчүн 600 орундуу имарат куруу мерчемделүүдө.