Кечээ “мыкты оюнчу” номинациясын жеңип алган “Достук” командасынын оюнчусу Эмилбек Абсаматов турнирге тиешелүү деңгээлде даярдык көрө албай калышканын айтат. Бирок, билекти катуу түрүп, кийинки жылы жазында боло турган оюнда кубокту алабыз деп турган чагы. Тайпадагы ар бир оюнчу алдына - дал ушундай максат койгон.
“Кыргызстан Эл Ассамблеясынын “Достук” командасы Мурас турнирине биринчи жолу катышты. Аталышы айтып тургандай эле, өлкөдөгү бардык этникалык топтордун башын бириктирген бул тайпа абдан мыкты оюн көрсөтүшүп, 16 команданын ичинен, 4-орунга суурулуп чыга алышты. Бул да оңойго турган жок. Жарым финалдык беттеште Президенттин командасы менен оюн талаасында күч сынашып, чыныгы кыл чайнаш болду окшойт. Оюн 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аяктагандыктан, пенальти дайындалып, ал да абдан бүйүр кызытып турду. Жыйынтыгында топту 11 метрден тебүүдө бир упай менен гана айырмаланып, финалга чыга албай калышты. Бирок, эң негизгиси - бул мелдеш достуктун, ынтымактын оюну болду дейт Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасынын орун басары Равшан Сабиров.