Белгилүү актёр Азиз Мурадилаев 44 жашында узакка созулган оорудан каза болду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова актердун жубайына шилтеме жасап фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Азиз Мурадилаевдин акыркы тилеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлушу болчу. Бул боюнча КР президенти Садыр Жапаровго кайрылам. Анткени, ал көрүстөнгө Кыргыз Республикасынын эл артисти — ардак наамын алгандар гана коюлат деген жарлык бар".
Азиз Мурадилаев гепатиттин С түрүнө чалдыгып, 6 жылдан бери бул дарт менен күрөшүп келген. Президент Садыр Жапаров анын дарылануусуна жана боорун алмаштырууга 42 миң доллар каражат бөлүп берген.