Жаңылыктар
Баткенде мыйзамсыз спирт ташыган жарандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде мыйзамсыз спирт ташыган жарандар кармалды

Лейлек районунда коңшу өлкөдөн Кыргызстандын аймагына спирт ичимдиктерин ташыган жарандар кармалды. 

Маалыматка ылайык, чек ара кызматкерлери Лейлек районунун Алга айылынын аймагынан, чек арага жакын жерден УАЗ “Хантер” үлгүсүндөгү унааны кармашкан. Унаанын ичинде Кыргызстандын эки жараны болгон. 

Текшерүү учурунда унаадан спирт ичимдиктери бар 3 челек табылган. Алар товарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Чогулган материалдар маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.