Жаңылыктар
Азиз Мурадилаев акыркы сапарына узатылды
Кыргызстан жаңылыктары
Азиз Мурадилаев акыркы сапарына узатылды

Кыргыздын чыгаан актёру, эмгек сиңирген артист, кайталангыс образдарды жараткан гениалдуу талант Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты өттү. 

Өзү эмгектенген Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрына маркумду акыркы сапарга узатуу үчүн театр жана кино күйөрмандары, чыгармачыл интелегенция, аткаруу бийлигинин жана парламент өкүлдөрү келди. Чыгаан таланттын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. 

Азиз Мурадилаев 17-декабрда узакка созулган оорудан улам 44 жашында дүйнөдөн өттү. Аркасында ал жараткан көркөм образдар жана эки баласы, жубайы, апасы калды.