Жаңылыктар
Театрга эл батпай, Азиз Мурадилаев менен коштошту
Кыргызстан жаңылыктары
Театрга эл батпай, Азиз Мурадилаев менен коштошту

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кайталангыс образдарды жараткан чыгаан актёр Азиз Мурадилаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү эмгектенген Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында өтүп, ага театр жана кино күйөрмандары, чыгармачыл интелегенция, аткаруу бийлигинин жана парламент өкүлдөрү катышты.