АЛКЫШ САГА
(Чыңгыз Айтматов тууралуу)
Москвага ала кетчү кол жазманы тейлеп шашып олтургам.Жел түрткөндөй кабинетимдин эшиги табышсыз ачылып, адегенде мурду көрүно калып, анан узун бойлуу жаш жигит иймене кирди. Ал мага кол берип учурашаарында кулагына чейин кызара түштү да. кеби сылык чыкты:
-Кечириңиз...Ишиңизге тоскоол болгон жокмунбу?
Бул жигиттин өзү менен көрүшө элек болсом да “Ак жаан”, “Асма көпүрө” деген аңгемелерин окугам. Алар мага негизинен жагып калган.Жаш талап, жаш жазуучу менен сүйлөшкөнүңдө ак дилиңди төгүп, ансыз да ийменген жашты өз ичиңден сынай олтурасың.Ички дүнүйөсүн таанып калгың келет. Тигил жигит ыйбалуу, токтоо боло туруп, анын өзү сезбеген калдастыгы, шашмалыгы сырткы оройлугу эмес, ички талабы аны тынчытпай турганын билгизди. Биз бир аз сүйлөшкөндө эле, анын койгон суроолорунан, кебинен, адабият жөнүндө айткан талдоолорунан улам жакшы белги байкалды. Айтор, ал жолу ушул эр мурундуу, ак жүздүү жылдыздуу жигит мага жакшы таасир калтырды.
Иштен күймөлгөнүмө өкүнбөй жаш талапкер менен маектешкениме сергип, кубанып калдым. Анын калдастаган кебетеси көз алдымдан кетпей негедир Чаргындын элеси эсиме түштү. “Не жазуучу, не каарман болучу жигит” дедим өзүмчө...
Андан бери жети жыл өттү. Тек жашоо үчүн жети жылдык өмүр аз мезгил. Бирок, чыгармачылык иш үчүн жети жыл – зор жеңиш берерин мына бүгүн биздин Чынгыз дагы бир жолу далилдеди.
Жамийлаң, Асел, Дүйшөндөрүң дүйнөнүн төрт тарабына, тээ улуу деңиздердин ары жагына кыргыз жүрөгүн ала кеткенине кубанасың!
Изденүү, өз чеберчилигин арттыруу, өз калеминин көркүн чыгарып, күчүн танытыш карынын да, жаштын да милдети.
Жеке талантка ишенүү – жүгөнсүз азоо мингендей ала качма болсо, шыксыз, талантсыз тек куру “билимдин” сокмогуна салуу куру дүрмөт менен бута мээлегендей дарексиз, ийгиликсиз болот. Эмесе, талант, шык, билим эриш-аркак келгенде – эмгек үзүрү жемиштүү да, жеңиштүү да болоорун бүгүн биздин Чыңгыздын ийгилиги айгине далилдеди.
Жеке талант, жеке кызыгуу менен эмес, турмуштан сабак алып, орус адабияты, дүйнөлүк адабияттардын бай казынасына терен изилдөө жүргүзүп, алардан таалим алуу, талыкпай эмгектенүү Чыңгыздын калемин курчутту.
Анын татынакай аңгемелеринин, повесттерини адамкерчиликтүү каармандары бүгүн дүйнөнүн төрт бурчунда эркин саякатта. Жамийла,Асел, Кемел, Дүйшөндөр ар бири өз-өздөрүнө таандык кылык-жорук, мүнөздөрү, кейиптери менен кээ бир алыскы өлкөлөрдүн “Кыргыз” дегенди укпаган кишилерге аны таанытып, даңктап жүрөт.
Алар сен жараткан каармандар, Чыңгыз. Жазуучуга мындан артык урмат, мындан артык сый болбойт! Эмесе, калемдеш агаларыңдын атынан сени, дал ушул эмгегиңдин жеңиши менен куттуктайм! Кымбаттуу иним!
Өзүңө жашыруун айтаар кеңешим: өмүр улгайган сайын чыгармачылык жашара берет. Сен дал ушул жагыңдан картайбас бол.Өмүрүң узун болсун, жылдызың жана берсин!
1963-жыл.
Китептен: Сыдыкбеков Т. “Мезгил сабактары”
Маалымат үчүн:
Т.Сыдыкбековдун Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жөнөкөй сөз менен бийик баасын бергени аталган макаладан көрүнүп турат. Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор жана талаалар” жыйнагы (“Повести гор и степей”) 1963-жылы Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон. Ага “Биринчи мугалим” (Первый учитель), “Жамийла”, "Кызыл жоолук жалжалым” (Тополёк мой в красной косынке), "Ботогөз булак" (Верблюжий глаз) чыгармалары топтолгон.
“Гүлсарат” повести, “Ак кеме”кинофильминин сценарийи, “Кылым карытаар бир күн” романы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1968,1977,1983), ал эми “Эрте келген турналар” (1976-ж.) повести Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.
Даярдаган Гүлмира Кулумбаева