Жаңылыктар
Маданият өнүккөндө гана экономика да өнүгөт
Маданият
Маданият өнүккөндө гана экономика да өнүгөт

Маданияты жок элдин келечегин элестетүү кыйын. Маданият калктын калың катмарына кандай таасир берери тууралуу Түштүк Кореялык дирижёр Но Тэ Чол менен “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин маалымат катчысы Алмаз Батилов маектешкен.

Сиз классикалык музыкага кандайча  келип калдыңыз?

Мен 1964-жылы 5-апрелде Түштүк Кореянын Пусан шаарында төрөлгөм. Төрт бир тууганбыз. Ошол учурда өлкөдө социалдык-экономикалык абал абдан оор эле. Ата-энем кара жумушчу болчу. Алар фабрикада башын көтөрбөстөн дем алышы жок он сааттан ашык иштешчү. Жокчулукту башыбыздан өткөрдүк. Бала кезимден музыкант болсом деген кыялым бар эле. Мектепте окуп жүргөндө гитара жана синтезатордо ойночумун. Абдан джазга кызыкчымун. Аны да ойнодум. Бара-бара көкүрөгүмдө классикалык музыкага болгон кызыгуум абдан күч алды. Ошондон улам, 1984-жылы Пусан калаасындагы Донг-А университетинин композициялык классына тапшырып, аны 1990-жылы артыкчылык менен бүттүм. Андан кийин бир аз убакыт өзүм окуган орто мектепте музыкадан сабак бердим. Бала кыялымды иш-жүзүнө ашыруу үчүн айлыгымды чогултуп, колумда болгон нерсени сатып, кырк миң АКШ долларын топтодум. 1992-жылы дүйнөлүк маданияттын борбору деп эсептелген Австриянын Линц калаасында Антон Брукнер атындагы консерваторияга тапшырып, бул окуу жайды да ийгиликтүү бүтүрдүм. Андан соң Германиянын Вюцбург шаарындагы жогорку музыкалык мектебине өттүм. Жогорудагы мектепти аяктадым. Ушул окуу жайларда баш аягы жети жылдын ичинде хор дирижёрун жана музыкалык теорияны окудум. Мындан сырткары, немис тилин да өздөштөрдүм. Окуп жүргөн учурда Түштүк Кореядан Вена калаасына жеке ишкерлер көп келишчү. Алардын максаты музыкалык аспаптарды сатып алуу эле. Себеби, Түштүк Кореяда бул аспаптар абдан кымбат болчу. Буларга мен котормочу болуп, жашоо-турмушума каражат тапчумун. Корей ишкерлери мени аябай колдоду. Кээде күнүнө миң доллар тапкан учурлар болду. Бирок мындай иш чыгармачылыгыма аябай тоскоолдук жаратты. Ошон үчүн котормочулукту таштап, жалаң гана кесибим менен алектендим. Мекендеш ишкерлерим кийин мен түзгөн камералык оркестрлерге жана өткөргөн концерттерге демөөрчү болушту. 1996-1999-жылдары Венада симфониялык дирижёрлук боюнча адистикти окудум.

Алып баруучу Ассоль Молдокматова концерт аяктаганда опера ырчыларына алкыш айтууда. Бишкек. Кыргыз улуттук академиялык театр жана опера балети. 2021-жыл, 8-декабрь. (“Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин архивинен).

Сиздин чыгармачылыгыңызды корей ишкерлери  эмне үчүн колдошот?

Себеби, Корея отуз жылдан ашык Япониянын колониясы болду. Андан кийин Экинчи дүйнөлүк согуштун запкысын тартты. Анысы аз келгенсип, Түштүк жана Түндүк Кореянын ортосунда жарандык согуш болуп Ата Мекенибиз экиге бөлүндү. Анын кесепети мамлекетке абдан тийди. Нечендеген оор сыноолордон өттүк. Дал ушул себептен маданиятка жакшы көңүл бурулбай калган. Ал эми Советтер Союзу маданиятты аябай баалаган, өзгөчө классикалык музыканы коомчулукка жайылтууга умтулган. Мисалы Кыргызстанда маданият мыкты өркүндөгөнүн байкадым. Буга далил, мисалы Бишкектин чок ортосунда филармония, Опера жана балет театрынын имараттарынын салынганы. Түштүк Корея бутуна тургандан кийин, маданиятты баалай баштады. Дал ушул себептен улам маданиятты каржылаган көп сандагы мамлекеттик жана жеке фонддор түзүлгөн. Маданияты өркүндөгөн өлкөнүн калкы бактылуу болот. Бүгүнкү күндө мамлекет жана коомчулук таланттуу корей жаштарга колдоо көрсөтөт. Анткени алар өлкөнүн сыймыгы. Ошондуктан булар чет өлкөдө окууну бүткөн соң Ата Мекенине кайтышат.

Андан кийин Венгрияын Сомбатхей  калаасында Йозеф Гайдн атындагы камералык оркестрди түзгөн турбайсызбы?

Ооба бул өлкөдө музыкалык карьерамды баштадым. Жогорудагы шаарда мындай оркестр жок экен. Он алты музыканттан турган оркестр түздүм. Мага корей ишкерлер көмөк көрсөтүштү. Муну менен жумушчу орундарды түздүм. Музыканттарды чет өлкөлөргө гастролдорго алып баруу үчүн жана концерттерге билет сатууда мекендештерим жардам беришти. Венгрияда адистигим боюнча чоң тажрыйба топтодум. Итальян тилин да үйрөндүм. Андан кийин АКШга досум иштегени чакырды. Адегенде Нью-Йоркто иштедим. Тилекке каршы, бул калаанын аба-ырайы жаккан жок. Анткени кыш абдан суук экен. Убактымды текке кетирбестен англис тилин өздөштүрдүм. Лос-Анджелестин аба ырайы жылуу болгондуктан, ал жерге орун котордум. Анын үстүнө бул шаарда айлык жакшы төлөнчү. Албетте АКШда турмуш абдан жакшы кой үстүндө торгой жумурткалаган заман десе болот. Бул өлкөнүн мага жакпаганы, эртеден кечке чейин коомчулуктун көпчүлүгү акча жөнүндө гана сөз кылып, материалдык нерсеге умтулганы болду. Алардын басымдуу бөлүгү маданиятты баалабайт.

Кайсыл себептердин негизинде  Россияда иштей баштадыңыз?

1999-жылы Владивосток калаасына концерт койгом. Ошондо мага Россияда классикалык музыкага болгон мамилеси абдан жакты. Албетте, орус музыканттарынын батыш кесиптештерине караганда айлыгы аз. Бирок алар кесибине ушунчалык берилгени мени аябай таң калдырды. Белгилей кетчү жагдай дүйнөлүк классикалык музыка боюнча эң дасыккан адистер россиялык педагогдор.

Дал ушул ушул себептен улам 2003-2005-жылдары Нижний Новгород шаарындагы Михаил Глинка атындагы мамлекеттик консерваториянын аспирантурасында окудум. Ошондо орус тилин да өздөштүрдүм. Мага атактуу орус жазуучу Фёдор Достоевскийдин чыгармалары абдан таасир берди. Волгоград, Казань, Саратов, Омск, Улан-Удэ жана Якутск шаарларында иштедим. Тагдырдын тамашасыбы бир кезде Нью-Йоркту суук дедим эле. Дүйнөнүн климаты эң катаал аймагы болуп эсептелген Якутияда жашадым (күлөт). Азыркы маалда Ташкентте Өзбекстандын Алишер Навои атындагы чоң мамлекеттик академиялык театрында эмгектенем.

Россиянын опера ырчысы Николай Ерохин, Түштүк Кореянын дирижёру Но Тэ Чол, кыргызстандык алып барычуу Ассоль Молдокматова, Казакстандын опера ырчысы Мадина Орозбай. Бишкек. Кыргыз улуттук академиялык театр жана опера балети. 2021-жыл, 8-декабрь. “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин архивинен.

Сиз былтыр Кыргыз  улуттук академиялык опера жана балет театрында жергиликтүү жана чет элдик опера  ырчылары катышкан кайрымдуулукка арналган “IT-Classic” атындагы гала-концерт  бериптирсиз?

Ооба. Былтыркы жылдын 8-декабрында жетим балдар менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган концерт бердик. Бул концертте чогулган каражат “Чырак” аттуу билим берүү долбооруна жумшалат. Бул долбоор боюнча жогорудагы балдар менен алардын караган энелери ар түрдүү тармак боюнча билимин жогорулатуу жана IT-технологияларын үйрөтүү. Мындай концертти белгилүү кыргызстандык опера ырчысы Алмаз Истамбаев, жергиликтүү жана чет өлкөдөгү кыргызстандык программисттер, “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмеси уюштурду. КР Тышкы иштер министирлиги да бул иш-чарага көмөк көрсөттү. Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын оркестри ойноп берди. Бул жамаат жогорку даражадагы чеберчилигин көрсөттү деп баса белгилеп кетким келет. Сахнада Кыргызстан, Россия жана Казакстандын атактуу опера ырчылары ырдашты. Мисалы Юлия Бабич, Николай Ерохин, Айзирек Момунова жана Мадина Орозбай өңдүү опера ырчылары. Ерохиндин авиабилети менен жатакасын гана төлөдүк. Ал гонорардан баш тартты. Чет мамлекетте иштеген кыргызстандык IT-адистер билеттин жарымын сатып алышты. Концертти белгилүү маданият ишмери Ассоль Молдокматова алып барды. Концертке жетим балдар менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын энелери келишти. Зал күйөрмандарга толду. Ырчылар ырдап жаткан учурда күйөрмандар тура калып кол чапканы бизге дагы кошумча дем берди. Белгилүү эстрада ырчысы Мирбек Атабеков да концертке келип ырдаганы өзгөчө бөбөктөр менен жаш көрүүчүлөрдү абдан сүйүнттү. Менин пикиримде ушундай иш-чаралар көп өткөрүлгөндө, элдин аң-сезими оң нукка өзгөрөт. Ошондуктан мен дайыма маданият өөрчүгөндө гана экономика да өнүгөт деп айтып келем. Маданият кызматкерлеринин парзы элдердин достугун өөрчүтүш үчүн көпүрө болушу абзел.