Жаңылыктар
Таластын төө буурчагы эми Европанын дүкөндөрүнө түз жеткирилет
Экономика
Таластын төө буурчагы эми Европанын дүкөндөрүнө түз жеткирилет

Таластын төө буурчагы эми Европанын дүкөндөрүнө түз жеткирилет. Өндүрүүчүлөр эл аралык аудиттен өтүп, органикалык сертификатын алышты. Бул дыйкандарга кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат? 

Органикалык таза жана даяр продукция өндүрүп, алыскы, жакынкы өлкөлөргө экспорттоо 70тей дыйкандын башын бириктирген айыл чарба кооперативинин башкы багыты. Учурда төө буурчакты 10дон ашык мамлекетке экспорттойт. Кооперативдин жетекчиси Акылбек Жакшынбековдун айтымында бул оңойго турган жок. Алгач улуттук деңгээлдеги, андан соң ЕАЭБ аймагына чыгып, эми Organic эл аралык сертификатын алды.