Жаңылыктар
Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына кошумча имарат курулат
Ден соолук
Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына кошумча имарат курулат

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына кошумча имарат курулат. Кореянын колдоосу менен ишке ашып жаткан долбоор 130 бейтапка ылайыкталып, заманбап медициналык жабдуулар менен толукталат. 

Буга чейин ооруканада дайыма бейтаптарга орун жетпей түйшүк жараткан учурлар көп болгон. Азыркы тапта сасык тумоонун күч алышы менен клиника эки эсе көп ооруларды кабыл алууга аргасыз болууда.